Айсулуу Абдыбакасова "Мисс Интеллект" наамын алды

8 июня 2017 13:31 477 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандык  Айсулуу Абдыбакасова Ереванда өткөн "Мисс КМШ - 2017"   эл аралык сулуулар конкурсунда  "Мисс Интеллект" наамына ээ болду.  
ᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠᅠ
Бул сынакка мурдагы СССР өлкөлөрүн атынан 24 кыз катышкан. Сынактын жеңүүчүсү армениялык модель жана актриса Шушан Ерицян болду. Биринчи  вице-мисс титулуна-россиялык Ксения Александрова, ал эми экинчи вице-мисс болуп — Башкириядан Альбина Ахтямова тандалды.

Белгилей кетсек, сынак КМШ мамлекеттер аралык комитетинин, Экономикалык өнүктүрүү жана капиталдык салымдарды министрлиги жана Ереван мэриясынын колдоосу менен өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/content2353



Добавить комментарий