Көпүрөнүн үстүнөн боюн дарыяга таштаган адам куткарылды

8 июня 2017 11:45 542 Barometr
Поделиться в:
ok

30-май күнү кечки саат 18: 30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт дарыясындагы көпүрөнүн үстүнөн боюн дарыяга таштаган адамды Сузак айылынын тургуну көрүп калган. Ал дароо эле ошол жерде өтүп бара жаткан Жалал-Абад ОИИБнын Патрулдук милиция кызматкерлерине кайрылып, агып бара жаткан адамды куткарууга милициянын старшинасы Ж.Мурзакупов, милициянын сержанты Сапарбай уулу Б, милициянын прапорщиги Ж.Рахмановдор биринчи жардам көрсөтүшүп, Сузак райондук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө алып келишкен. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Өз жанын кыюуга аракет кылган адам Ош областынын Өзгөн районунун Кароол айылынын Усенов көчөсүнүн тургуну 1984-жылы туулган З.М. болуп чыкты. Анын айтуусунда жолдошу менен урушуп кетип, ачуу үстүндө өзүнүн жанын кыйуу үчүн боюн дарыяга таштаган. Натыйжада З. М. Сузак районунун аймактык ооруканасынан биринчи медициналык жардам алып чыгып, эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин айтып, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Аталган факт боюнча Сузак РИИБдин тергөө ыкчам тобу тийиштүү иш-кагаздарын топтоп, учурда Сузак РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан текшерүү амалдары жүрүүдө.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2349



Добавить комментарий