Ош мэриясы Айтмамат Кадырбаевдин алдына төшөлгөн килем тууралуу: Мындан трагедия кылууга кажет жок!

8 июня 2017 10:19 572 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 7-июнь Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Талант Канатбек уулу “Barometr.kg” сайтына курулушта Айтмамат Кадырбаевдин алдына салынган килем боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, мындан трагедия кылуунун кереги жок.

“Бул суроо талкуулоого да турбайт. Мэрлердин алдына буга чейин деле килем төшөп келишкен жана төшөй беришмекчи.  Жөнөкөй адамдарга да салып келишет.  Менин оюмча кээ бирөөлөр жеке кызыкчылыгы үчүн бул сыяктуу сүрөттөрдү элдин алдына алып чыгышат. Бирок, бул адамдар мындан эч кандай пайда таба алышпайт, алар саясий упай ала алышпайт. Бул трагедия эмес, күнүмдүк эле көрүнүш”,- деди Ош шарынын мэриясынын басма сөз катчысы.

Мындан сырткары сүрөт кайсы учурда тартылгандыгы жөнүндө да маалымат берди: “60 миң калк жашаган аймакта жаңы орто мектептин курулушуна капсула салынып, майрам болуп жаткан. Ал жерде буга чейин бир гана мектеп болгон, ошондуктан бул иш-чараны белгилеп майрамдап жатышкан”,- деди ал өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, 6-июнда социалдык тармактарда курулуш  башталган жерде  Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин алдына төшөлгөн килем  соцтармактарда чоң талкуу жарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/content2344



Добавить комментарий