Бишкекте үч унаанын кагылышуусунан эки жүргүнчү жабыркады

8 июня 2017 09:49 452 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте “Mazda Demio”, “Toyota Avensis” жана “Volkswagen Passat” унаалары сүзүшүп, анын кесепетинен эки жүргүнчү кыз жабыркашты. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой кечээ, 7-июнда саат 20.00 чамасында  “Mazda Demio”  унаасы Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүп бара жаткан, ал эми  “Toyota Avensis”  Боталиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына бурулуп жаткан, “Volkswagen” бул убакта Боталиев көчөсүндө токтоп турган кезде кырсык катталган.

Жол кырсыгынын себептери изилденүүдө, күнөөлүүлөр такталып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2341



Добавить комментарий