Жол кырсыгынан 2 адам жаракат алышты

7 июня 2017 17:28 434 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй районунда  6-июль күнү саат 14:20 чамасында Алма-Ата көчөсүнүн айланма жолунда “БМВ” үлгүсүндөгү мамлекеттик №01КG864ААҮ унаа жана “Мазда” үлгүсүндөгү мамлекеттик №В20-69АР унаа кагылышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Натыйжада “Мазда” унаанын айдоочусу бутунан оор жаракат алып, куткаруучулар унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми “БМВ” унаада төрт адам болгон, бир жүргүнчүнүн буту кыпчылып калган, куткаруучулар чыгарышкан.

Жеринде КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2322



Добавить комментарий