Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Казакстанга барат

7 июня 2017 16:48 442 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев  8 - 10-июнда жумушчу сапар менен Казакстандын борбору Астанага барат. Бул туралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Визит учурунда президент Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Андан тышкары  Алмазбек Атамбаев ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жаткан мамлекет башчылары  менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатына катышмакчы. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2316



Добавить комментарий