"Супарадагы" 150 миң сомдук банкет үчүн Алымбек Орозбековго катуу сөгүш берилди

7 июня 2017 15:42 528 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экпортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбековго катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу бугүн 7-июнь күнү өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.  

Анын мындай жаза алышына 150 миң сомду кымырып алганы негиз болгон. Буга чейин интернет басылмаларында аталган агенттик 2016-жылдын октябрь айында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Супара» этнографиялык комплексинде форумдун катышуучулары менен болгон кечки тамакка 150 миң сом төлөгөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Өкмөт аппараты тарабынан агенттиктин чыгымдары жөнүндөгү маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик агенттиктин документинде көрсөтүлгөн 2016-жылдын октябрында «Супара» этно-комплексинде премьер-министр Жээнбеков чет элдик делегация менен кечки тамактанууга катышкан деген маалымат чындыкка дал келбестиги аныкталган.

Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен агенттиктин директору Алымбек Орозбековго катуу сөгүш жарыяланып, башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу А.Акматалиевага тийиштүү бухгалтердик документтерди жасагандыгы үчүн жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2312



Добавить комментарий