Токтогулда Телемедицина борбору ачылды

7 июня 2017 15:23 420 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Осмонбек Артыкбаев Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылындагы жаңы бала бакчанын ачылуу аземине катышып, акылдуу, билимдүү, көп кырдуу жаштар көбүрөк болсо, мамлекеттин өнүгүүсүнө мындан ары дагы жакшы салым кошуларын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы кабарлады.

Бала бакчанын жетекчиси Нуржамал Мусаеванын айтымында, жергиликтүү тургундар атайын долбоор жазып, бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн бир топ аракет кылышканын белгиледи. АРИС программасынын колдоосу менен 1 млн 600 миӊ сом акча берилсе, калган каражатты жергиликтүү бийлик көтөргөн. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин колдоосу чечүүчү болгонун кошумчалады.

Балдар мекемесинде 50 бала тарбияланып, ал эми алардын 16 тарбиячысына каражат каралган эмес. Бул көйгөйдү да эл өкүлү чечип берди.

Андан тышкары, депутат Осмонбек Артыкбаевдин колдоосу жана Жаш дарыгерлер ассоциациясынын президенти Элзар Токтоназаровдун демилгеси менен Токтогул шаарчасында Телемедицина (санавиация) борбору ачылды. Эми жергиликтүү тургундардын райондун борборуна келип отурбай, өз айылында дарылануусуна мүкүнчүлүк түзүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content2309



Добавить комментарий