Сатып алуулардын жалпы көлөмү өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт
Жогорку Кенеште мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жөнгө салууга багытталган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору карылып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, азыркы учурда баардык мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдарына 1 млн сомго чейинки сатып алууларды сынаксыз эле жүргүзүүгө уруксат берүү чаралары иштелип чыкты. Ошонтип, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү башкаруу органдары өз бюджетинин 3 пайыз өлчөмүндөгү каражатка да сынаксыз сатып алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ошондон улам, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга «атайын тартип», «улуттук режим», «демпингдик баа» деген сындуу бир катар жаӊы түшүнүктөр киргизилүүдө. Улуттук мыйзамды Евразия экономикалык бирлигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүү милдети турат.
Каржы министри Адылбек Касымалиев мыйзам долбоору Дүйнөлүк банк менен биргелешип иштелип чыкканын, анын жүрүшүндө бир топ чалкеш жоболор оӊдолгонун билдирди. «Айрым жоболорду ошо бойдон калтырыш керек. Ар компаниянын өз жетекчиси бар, жоопкерчилик ошолорго жүктөлүшү зарыл», - дейт ал.
Бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо менен бирге, экинчи окуу жүрүшүндө өз сунуштарын берише турганын билдиришти. Алардын пикиринде, анда азыртан оӊдой турган бир топ чалкештиктер бар.
Белгилей кетсек, 2016-жылы мамлекеттик органдар 44070 электрондук сынактын негизинде 43 млрд 520 миӊ сомго аргандай сатып алууларды жүргүзүлгөн. Мамлекеттик сатып алуулар болжол менен өлкө бюджетинин 40 пайызын түзөт. Өткөн жылы 504 миӊ сатып алуу ишке ашырылып, 3095 сатып алуучу уюм жана 13500 сатуучу катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/content2306
Добавить комментарий ×