Кичинекей генийлердин менталдык арифметика боюнча акыл таймашы өттү
200дөн ашык кичинекей генийлер Бишкекте болуп өткөн үчүнчү эл аралык менталдык арифметика боюнча акыл таймашта катышышты. Ага Өзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын баардык региондорунан келген 4 жаштан 16 жашка чейинки балдар катышты
Менталдык арифметика боюнча акыл таймашын Билим жана илим министрлиги, “Академия роста” интелектуалдык өнүгүү борбору жана “Прогрессивдик демилгелер фонду” менен чогуу уюштурулду.
Балдар бир эле мезгилде бир нече амал көрсөтүп, акыл таймаштын конокторун таң калтырышты. Балыкчыдан келген Айжигит Жигитбеков татаал маселени кубик-рубикти чогултуп жатып туура жооп менен чечип койду. Чолпон-Атадан келген Дилбар эки секундада триллион болгон сандарды эсине тутуп калды. Балдар татаал маселелерди чечип жатып ырдап, ырларды көркөм окуп жатышты.
Акыл таймаштын жыйынтыгында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жеңүүчүлөргө белектерди тапшырды. Балдар Ысык-Көлгө 10 күндүк жолдомо, китептерди жана башка белектерди алышты.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Кыргызстандын атынан ушул жылдын июль айында Туркияда өтө турган эл аралык менталдык арифметика боюнча олимпиадада катышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2301
Добавить комментарий ×