Владимир Путиндин жарлыгы менен КРСУнин ректору Даңк медалы менен сыйланды

7 июня 2017 12:22 613 Barometr
Поделиться в:
ok

2017-жылдын 25-майдагы Россия Федерациясынын президентинин №238  жарлыгы менен Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы билим берүү, маданий, гуманитардык жана илимий жактан  кошкон чоң салымы үчүн Б. Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Владимир  Нифадьев Даңк медалы менен сыйланды. Бул тууралуу университеттин сайтында кабарланды.

Бул В. Нифадьевдин алгачкы сыйлыктарынан эмес.  1994-жылы билим берүүдөгү, илимий-изилдөөдөгү, маданий жана коомдук иш-чаралардагы ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларга билим берүү жана окутуудагы  жетишкендиктери үчүн Пушкин медалы менен сыйланган жана 2003-жылы Россиянын Достук орденин алган. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын "Данакер" сыйлыгын алган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2293



Добавить комментарий