Бир килограмга жакын баңгизат алынды

7 июня 2017 12:05 454 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун аймагында «Нелегал-2017» операциясынын жүрүшүндө ИИМдин мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө баңгизат кылмыштарын ашкерлөө боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Натыйжада, 5-июнь күнү аталган органдын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында Жалал-Абад облусунун 42 жаштагы тургуну Е. Викторду күбөлөрдүн катышуусунда өздүк кароодон өткөрүү мезгилинде, анын жанынан 2 желим бөтөлкөлөрүнө салынган, өсүмдүктөн жасалган баңгизаты табылды. Контролдук өлчөөдө алынган гашиш баңгизатынын салмагы 930 граммды түздү.


Кармалган адамдын айтымында, алынган баңгизатын өткөн жылы күзүндө даярдап, жашыруун жерге катып койгон. Эми Ысык-Көл облусуна катып койгон баңгизатын кайрадан алып кеткенге келгени боюнча милиция кызматкерлерине көрсөтмө берүүдө.
Азыркы учурда, баңгизаты менен кармалган адам Каракол ШИИБнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, анын жасаган ишине юридикалык баа берилүүдө. Алынган биңгизаты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/content2290



Добавить комментарий