“Basicolors”ка тапшырык жасап үйүңүздүн сыртын граффити менен кооздоңуз
“Basicolors” арт-группасы «Мен Бишкекти сүйөм» аталышындагы долбоорун улантышмакчы. Анын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен шаардын аймактарында “паблик арт” (граффити) стилиндеги көлөмдүү сүррөттөр дубал беттерине түшүрүлмөкчү.
Сүрөтчүлөр белгилегендей, бул долбоордун максаты Бишкекти өзгөртүү болуп эсептелет.
«Паблик артта заманбап жаштардын жана шаардын активдеринин жардамы менен биз социалдык жана маданий жактан өнүгүүнү өөрчүтүп жана көчө сүрөтчүлөрүн шаар тургундары жана муниципалитет менен болгон байланышын улантмакчыбыз”, - деп кабарланат билдирүүдө.
Эгер сиз көп кабаттуу үйдүн тургуну болсоңуз жана сизде үйүңүздүн айланасын көрктөндүргүңүз келсе анда бизге кайрылсаңыз болот.
Кантип катышуу керек десеңиз:
Үйүңүздүн сүрөт тартырчу сырткы бетин тартып жөнөтүңүз жана эмне үчүн сиздин үй бул долбоорго катышуусу керектиги жөнүндө кыскача баяндама жазып: basicolorz@gmail.com электрондук дареке жибериңиз.
Тандоо шарты:
-үйдүн сүрөт тартылчу жери жакшы абалда болуусу шарт;
-үйдүн жашоочуларынын долбоорду колдоп жана жардам берүүсү гана керек.
Ссылка: https://barometr.kg/content2276
Добавить комментарий ×