Бишкекте 15 жаштагы кыз математикадан экзамен бере албай калып муунуп каза тапты

7 июня 2017 09:33 1817 Barometr
Поделиться в:
ok

5- июнда жашы жете элек кыз үйүндө суицидке барды. Бул туралуу “ Barometr.kg” сайтына ИИМдин жашы жете электер менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы Азамат Абдрахманов кабарлады.  

Анын айтымында, кыздын апасы Казакстанда жүргөн.

"Кыз математика сабагынан экзаменди бере алган эмес, ошондо мектептин директору апасына чалып кабарлаган. Кийин кызды ал үчүн үйүнөн жемелешкен. Мындан кийин асынып алган. Бирок  бул алдын ала божомолдор гана. Тергөө уланууда", -деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content2274



Добавить комментарий