Кара-Үңкүр дарыясы көтөрүлүп суу тосмону алып кетти

6 июня 2017 16:58 554 Barometr
Поделиться в:
ok

Ноокен районунун Арал айыл аймагында 2017-жылдын 5-июнь күнү Арал участкасындагы Кара-Үнкүр дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, коргоочу тосмонун 60 метр аралыгын жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жеринде КР ӨКМнин облустук Сел жана суу ташкындарынан коргоо бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы, райондук Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, жеке менчик 1 самосвал, 1 экскаватор. “Келечек” ЖАК тарабынан 1 самосвал иш жүргүзүлүүдө.

2017-жылдын 5-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, оор жүк ташуучу унаа менен 30 каттам таш алып келип, тосмон калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгө.

Жумуш уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content2261



Добавить комментарий