Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда жер көчкү түштү
Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2017-жылдын 27-майында Үрүмбаш участкасындагы Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 49-51-чакырымдарында 650-700 миң м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
4-июнь күнү саат 19:00 чамаларында ушул эле жерден 10000 м3 жер көчкү дагы унаа жолго түшүп, “Альфа-Телеком” ЖАК (Мегаком уюлдук байланыш ишканасы) балансындагы узундугу 350 метр байланыш кабелин үзүп, жараксыз абалга келтирген.
2017-жылдын 5-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн.
2016-жылдын 14-октябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин буйругунун негизинде аталган унаа жол расмий түрдө жабылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content2258
Добавить комментарий ×