Садыр Жапаров боюнча сот 12-июнда улантылат
Поделиться в:
Экс- депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча соттук уктуруу 12-июнга жылдырылды.
Бул чечим, Жапаровдун жактоочулары иш менен дагы бир ирээт таанышып чыгууну сурап жаткандыгы менен байланыштуу кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 25-мартта УКМК Садыр Жапаровду чет өлкөдөн Кыргызстанга келгенде камакка алган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен аны №1 СИЗОго эки айга камакка алышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/content2256
Добавить комментарий ×