Аксы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

6 июня 2017 16:02 842 Barometr
Поделиться в:
ok
Аксы районунда  4-июнь күнү саат 18:50дөн баштап нөшөрлөгөн жамгырдан улам облустун аймагындагы Падыша-Ата, Итагар, Авлетим дарыяларынын деңгээлдери көтөрүлүп Аксы районундагы Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Туу айыл аймактарында кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 5-июндагы №159-б буйругунун негизинде Аксы районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз  сөз кызматы кабарлады.
 
Аксы районунун аймагындагы катталган өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында Жарандык коргонуу кызматтарынан  штаб түзүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министри  генерал-майор Кубатбек Бороновдун буйругунун негизинде, Аксы районуна КР ӨКМ облустук башкармалыгынын башчысынын  А.Бекилов  кырдаалды жөнгө салуу аракеттенин көрүү үчүн жеринде жүрөт. Аталган кырдаал министр  Бороновдун жеке көзөмөлүндө жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн министрликтен инженердик техника тартылууда.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2254



Добавить комментарий