ТИМ: Бельгия мүмкүнчүлүгү чектелгендердин турмушун жакшыртууну көздөйт

6 июня 2017 14:42 514 Barometr
Поделиться в:
ok

Бельгия Королевствосундагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматы боюнча, ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген майып адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу максатында, 4-июнда Кыргызстанга Фламанд Ассоциациясынын (Бельгия)  делегациясы келди.

Бельгиялык делегацияны  президент Энди Ван Хооребеке жетектеп, башкаруучу директор Филип Вейрстрайте жана ассоциациянын мүчөлөрү жана эксперттери коштоп жүрөт. Жумушчу  иш сапар Бишкек жана Ош шаарларында болуп, 10-июнга чейин уланмакчы.

Визиттин алкагында бельгиялык делегация мүчөлөрүнүн Кыргызстандын компетенттүү органдарында жолугушуулары пландаштырылган: Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде, ТИМдин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө, Кыргыз дүлөйлөр жана азиздер коомунда, Кара-Суудагы угуусу начар балдардын адистешкен мектеп-интернатында, Бишкектеги Ротари Клубунда болушат.

Бул биринчи иш сапардын  негизги милдеттери болуп, Кыргызстан менен байланыш түзүү, келип чыккан маселелерди жана керектөөлөрдү табуу болуп саналып, бул тармакта мындан ары бельгиялык жана Бүткүл дүйнөлүк Дүлөйлөр Федерациясы тараптан (врачтардын/тарбиячылардын тажрыйба алмашуусу, стажировкадан өткөрүү, окуу-методикалык материалдарды алуу, дүлөй адамдар үчүн угуу жабдууларын/техникаларын жаңыртуу) практикалык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.

Сапар Кыргызстандын Бельгиядагы элчисинин демилгеси жана уюштуруусу боюнча саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жаатындагы кыргыз-бельгия кызматташтыгынын алкагында болуп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/content2250



Добавить комментарий