Милициянын социалдык көйгөйлөрү талкууланды
Коомдук кеңеш Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы менен жолугушу өткөрдү деп кабарлайт Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы.
5-июнда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгын өздүк курамы менен Коомдук кеңештин төрагасы Толкун Исаковдун башкармалыгы алдында жолугушуу өттү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөсү милиция кызматкерлерине сунуш киргизди. Бул жолугушууда кызматкерлердин социалдык көйгөйлөрү, милициянын абройу, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин алдына койгон максаты менен тапшырмалары жөнүндөгү суроолор талкууга коюлду.
ИИМдин Коомдук кеңештин пикиринде: Коомдук Кеңеш- кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү жакшыраак билүү, андан кийин анализдөө менен кошо чечүү жолдорун иштеп чыгууну камтыган сунуш кылуучу коомдук орган. Жолугушууда Коомдук Кеңештин төрагасы Толкунбек Исаков жетекчилик менен дагы сүйлөшүү өткөрдү. Катышуучулар менен баарлашуу маалында, Свердлов районунун ИИБнын башчысы транспорттук каражаттарды материалдык камсыздоо жетишсиз болгондугуна карабай, өз ишин үзгүлтүккө учуратпай, милдетин так аткарып, Бишкек шаары боюнча ИИБнын ичинен эң мыктысы болуп саналгандыгын эскерип кетти.
Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарууда, Толкунбек Исаков милиционерлерге ыраазычылык билдирип, татаал шартта эч нерсеге карабай өз кызматын аткаруусун айтып жана үй-бүлөөлөрүнө бардык жакшылыктарды каалап кетти.
Ссылка: https://barometr.kg/content2248
Добавить комментарий ×