Кыргызстандын ТИМ Катар өлкөсунө алтернативдүү жол кыймылдарын карап көрүүнү сунуштайт
Тышкы иштер министрлиги Катар өлкөсүнө саякаттоочу мекендештерге авиакомпанияларды алмаштырууну сунуш кылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
“ Бир нече Араб өлкөлөрү (Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираты, Бахрейн королдугу, Мальдива жана Египет) Катар менен болгон дипломатиялык келишимдерден баш тартышты. Бул өлкөлөрдүн чечими боюнча Катара менен транзиттик рейстерге кошумча аба, деңиз жана жер байланыштарын үзүлдү”,- деп кабарланды бөлүмдүн басма сөз кызматында.
Дохага «Сауд авиалиниялары», «Этихад» жана «Эмирейтс» авиакомпаниялары учууларын жапты. «Флай Дубай» Дубай - Доха – Дубай рейстерин белгисиз мөөнөткө чейин токтотту. Маалыматты авиакомпаниянын Бишкектеги кеңселери тастыкташты.
Ошого байланыштуу Кыргызстандын ТИМги Катарга аталган жолдор аркылуу эс алууга чыга турган жарандарга башка авиа катамдарды караштырууну сунушташат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2240
Добавить комментарий ×