Дайрага түшүп кеткен 4 жаштагы кыз изделип жатат
Поделиться в:
3-июнда Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагындагы Талды-Булак айылынын Орозбаев көчөсүнүн тургуну 2013-жылы туулган А. А. Кара-Үңкүр суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
2017-жылдын 4-июну күнү сууга агып кеткен кызды издөө иштерине ӨКМнин №78 өрт-куткаруу бөлүмүнүн 12 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, бирок табылган жок.
Издөө иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content2227
Добавить комментарий ×