Панфилов районунда кылмышка шектүү адам кармалды
Ушул жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Панфилов РИИБнүн кызматкерлери менен бирдикте Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылынын көчөлөрүнүн биринен, Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын 42 жаштагы Л. К. аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Аны текшерүү учурунда боз капка салынган өңү жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар салмагы 20 кг “кара куурай” (марихуана) баңгизаты табылып алынган.
Жогорудагы окуя боюнча Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө топтолгон материалдар өткөрүлүп берилип, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2211
Добавить комментарий ×