Июнь айында мэрия мектеп алдындагы жайкы эс алуу лагерлерин ачат

5 июня 2017 10:39 530 Barometr
Поделиться в:
ok

7-июндан 30-июнга чейин Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы балдар үчүң  мектептин алдында атайын эс алуу лагерлерин уюштурат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мектеп лагерлеринде жана балдардын көркөм өнөр борборлорунда спорттук-эс алуулар, таанып-билүү, адеп-ахлак жана эстетика, туризм жана жергиликтүү маданий иш-чараларды жүзөгө ашыруу пландаштырылууда.
Ошондой эле үн студиясын ачуу, авиамодел үчүн ийримдер, спорттук оюндар жана конкурстар өткөрүлөт. Баардык мектеп лагерлеринде 100дөн ашуун ийримдер ачылат.

Жалпысы болуп  лагерлерге шаардын 38 мектебинен 3  430 окуучу  келип, 32 мектепте  эки жолку тамак-аш берүү уюштурулат. Лагерлер саат  8.00дөн 14.00гө  чейин иштейт.

Ссылка: https://barometr.kg/content2184



Добавить комментарий