Президент Атамбаев Лондондогу террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтты

5 июня 2017 09:47 437 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев Лондондогу адам курмандыктары менен байланышкан террордук чабуул боюнча Улуу Британиянын Бириккен Королдугуна жана Түндүк Ирландиянын премьер-министри Тереза Мейге көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнү кабарлады.

“Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, жабыркаган үй-бүлөлөргө жана Улуу Британиянын элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, ал эми жаракат алгандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм ", - деп айтылат мамлекет башчысынын жолдомосунда..

Эскерте кетсек, массалык маалымат каражаттарынын билдириши боюнча түндө Лондондо адамдарга бир катар кол салуулар болгон. Алгач Лондондун борборундагы көпүрөдө маршруттук автобус жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп качырганы белгилүү болду.

“Би-Би-Си”нин кабарчысы, окуянын күбөсү болгон Холли Джонстун айтымында, унааны эркек адам башкарып бара жаткан жана ал саатына 50 чакырым ылдамдык айдап бараткан. Унаа Лондондун борборундагы жол менен дарыянын түштүк тарабы көздөй багырт алган.

 Британиялык полициянын маалымдамасы боюнча таңкы саат 6да  эки кол салуунун натыйжасында Лондондо 30 ашуун адам жаракат алып,  алты адам каза болгон. Мындан сырткары шектүү делген эки киши өлтүрүлдү. Полиция кол салуучуларды  Лондон убактысы боюнча 22:08 биринчи чакыруу катталгандан кийин сегиз мүнөттүн ичинде атып өлтүрүшкөн.

Аызркы учурдагы маалымаар боюнча жарадар болгондордун саны 48 жетти, ал эми өлгөндөр - жети. Алардын арасында - Франциянын төрт жараны да бар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2181



Добавить комментарий