Президент Атамбаев Улуттук онкология борборунда жаткан балдардан кабар алды

2 июня 2017 15:45 566 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кэчээ, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мамлекет башчысы балдар бөлүмүнүн палаталарына кирип, бөбөктөр менен сүйлөштү, аларды балдарды коргоонун эл аралык Күнү менен куттуктап, белектерди берди. Президент ошондой эле балдардын ата-энелери жана мекеменин жамааты менен маектешип,  оор кеселге чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары да чараларды көрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев капиталдык оңдоодон жана заманбап жабдуулар менен камсыз болгондон соң пайдаланууга берилген интенсивдүү терапия палатасын жана балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн амбулатордук-диагностикалык бөлмөсүн көрүп чыкты.

Президент балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүн зарыл болгон медикаменттер менен камсыз кылууга байланыштуу бардык маселелер мындан ары да ыкчам чечилиши керек экенин баса белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаевди анын жубайы Р.Атамбаева жана КР саламаттык сактоо министри Т.Батыралиев коштоп жүрүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2146



Добавить комментарий