Карыя президенттен жардам сурап Ак үйдүн алдында турат
Бүгүн, 2-июнда Ак үйдүн алдында карыя колунда плакаты менен президенттен жардам сурап чыкты.
Плакатта анын баласы жана келини өз үйүнөн кууп чыгып болгон мүлктү өздөрүнө жаздырып алышканы жазылган. Мындан улам ал эшикте калып баардык болгон укук коргоо оргондарына кайрылып, эч кандай жыйынтык чыкпаганын айтып даттанууда.
“Митинг уюштуруп жатасызбы”,-деген кабарчынын суроосуна чарчап-чаалыккан жана кайгылуу үн менен “аргасыздан” деп жооп берди.
"Бизде коррупция баардык жакта, алдоо жолуу менен менин үйүмдү тартып алышты, барбаган жерим калбады эч кимден жардам ала алган жокмун. Сот менсиз чечим чыгарып, ал эми протоколдо мени болгон деп жазып көргөзмө берген”,- дейт карыя.
Ал таң аткандан бери Ак үйдүн алдында 26 градус ысыкта турганына карабай бир да бир депутат же чиновник чыгып койгон жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content2139
Добавить комментарий ×