Аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан ширелердин партиясы кармалды
Поделиться в:
“Баткен” бажысынын аткезчилик менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Таджикистандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ширелер кармалды.Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымат берди..
Белгилүү болгондой Баткен областынын Кара-Бак айылында «Мерседес-Бенц 811» үлгүсүндөгү мамлекеттик номердеги унаа токтотулуп, текшерилген. Айдоочу Кыргызстандын жарааны экени белгилүү болду. “Текшерүү иштеринде аталган унаанын жүк салуучу бөлүгүндө Таджикстан Республикасына тийиштүү ширелер табылган жана анын жанында эч кандай документтер жок болуп чыккан”,- деп билдирет бажы кызматкери.
Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, 57 миң 229 сом айып төлөнгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content2090
Добавить комментарий ×