Челябинскде мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин эжеси 17 жылга абакка кесилди

31 мая 2017 13:01 1391 Barometr
Поделиться в:
ok

Челябинск областтык соту 30-майда Кыргызстандын жарандары - Кабылжан Абдурахманов жана Яха Батукаевага карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Челябинск областынын прокуратурасынын басма сөз кызматы кабарлады.  

Аларга РФнын Кылмыш кодексинин  “алдын ала сүйлөшүп алып, ири өлчөмдө баңгизат сатуу” беренелери боюнча айып тагылды.

Сотто 2016-жылдын январь айында Челябинск областынын Южноуральск шаарында  алар квартираны ижарага алышып Абдурахманов алып барган 28 кг баңгизатты сакташкандыгы белгилүү болду.   

Кийин Батукаева 5 кг жакын баңгизат алуучу кардар таап, ошол эле жылдын январь айында сатышкан. Калган 23 кг жакын героинди дагы сатуу үчүн сакташкан.  

Сот айыпталуучулардын ар бирин 500 миң рублден төлөөгө милдеттендирип, 17 жылдан абакка каматуу өкүмүн чыгарды. 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content2062



Добавить комментарий