Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорт 128,5% өстү

31 мая 2017 12:30 715 Barometr
Поделиться в:
ok

2017-жылдын I кварталында Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорт, 2016-жылдын I кварталына салыштырмалуу 128,5% өстү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев бүгүн, 30-майда, маалымат жыйында билдирди.

Айыл чарба тармагындагы экспорттук көрсөткүч мал чарбачылыгында жана кайра иштетүү тармагында сыртка чыгарылган азыктардын көлөмү жогорулаганынан улам өскөн.

«Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен экспорттук өсүү былтыркыга караганда бир топ жакшы болору күтүлүүдө. Анткени 2017-жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан Кытайга алча менен коонду экспорттой баштайт», – деди Эркин Чодуев.

Айыл чарба тамак өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары экпорттук потенциалдын жогорулашын, Өкмөт тарабынан «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун ийгиликтүү ишке ашып жатканы менен байланыштырды. Бул долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алган дыйкан-фермерлердин саны көбөйүп, айрымдары өндүргөн азыктарын сыртка чыгара баштаган.

Эркин Чодуев ошондой эле быйыл төө буурчак менен пахтаны жылдагыдан көбүрөөк экспорттоого да өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2058



Добавить комментарий