КМДБ: Чиркөөдө азан айткан адам-Кыргызстандын муфтийи. Анын жаман ниети болгон эмес
Бүгүн, 30-майда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) басма сөз катчысы Максат Атабаев Barometr.kgге социалдык түйүндөрдө жарыяланган, кыргызстандык АКШдагы католик чиркөөсүндө азан айтып жаткан видео тууралуу комментарий берди.
Басма сөз катчысы муфтийдин жаман ниети болбогонун айтты. Ал муфтий АКШга Кыргызстандын делегациясы менен барганын түшүндүрдү.
“1-майдан 9-майга чейин башында Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин диркторунун орун басары, муфтий Максатбек ажы Токтомушев турган Кыргызстандын делегациясы АКШга Мамлекеттик департаменттин чакыруусу менен барышкан. Иш сапарда делегация мүчөлөрүнө чиркөөнү көрсөтүшкөн. Чиркөөнүн өкүлдөрүнүн уруксаты менен муфтий азан чакырган. Анын жаман ниети болгон эмес, тескерисинче анын аракети ар түрдүү конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы мамилени жакшыртууга багытталган”,-деп айтты басма сөз катчысы.
Эскерте кетсек, социалдык түйүндүн колдонуучулары католик чиркөөсүндө азан айткан кыргызстандыктын аракетин сындап жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2008
Добавить комментарий ×