Турсезон-2017. Ысык-Көлдүн түбүн таштандыдан арылтуу акциясы жарыяланды

30 мая 2017 11:31 530 Barometr
Поделиться в:
ok

Жыл сайын өтүүчү «Таза Ысык-Көл» акциясында 1,5 миң ыктыярчы 3 800 кап таштанды чогултушту. Алар Ысык-Көл областынын 25 калктуу пунктунун аймагын тазалашкан. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулар кабарлашты.

 Ыктыярчыларга жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөткөн.

Буга кошумча «Таза Ысык-Көл» акциясынын уюштуруучулар Ысык-Көлдүн түбүн тазалаш үчүн жаңы акция жарыялашты жана КМШ менен жакынкы чет өлкөлөрдөн кесипкөй  дайверлерди чакырышты. Акция 30-июнда болот. Уюштуруучулар Кыргызстанга дайверлердин келишине кеткен баардык чыгымдарды көтөрөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1991



Добавить комментарий