ТИМ Москвада болгон катуу шамалда жабыркагандар жокпу тактап жатат

30 мая 2017 10:00 483 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада болгон ураганда жабыркаган же каза тапкан Кыргызстандын жарандары барбы-жокпу тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда социалдык түйүндөргө аталган министрликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.   

Эскерте кетсек, кечээ, 29-майда Москвада катуу шамал катталды, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жетти. Катуу шамалдан улам 11 адам каза таап, 50 киши жаракат алды.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1986



Добавить комментарий