Токтогул районунда катуу шамал каталып, жеринде тактоо иштери жүрдү

29 мая 2017 17:10 518 Barometr
Поделиться в:
ok

2017-жылдын 28-май күнү саат 11:00дөн 12:00гө чейин  Жалал-Абад облусунун Токтогул райондун аймагында ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен катуу шамал катталган. Жабыркагандар жок.

2017-жылдын 28-май күнү Райондук метеорологиялык станциянын берген маалыматына ылайык шамалдын ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткендиги аныкталган. КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясынын жеринде тактоо иштеринин негизинде Токтогул шаарчасындагы А.Сүйөркулов көчөсүндөгү 1 үйдүн чатырынын 270 м2 тунукесин, З.Эгембердиев атындагы райондук борбордук оорукананын операциялык бөлүмүнүн 180м2 тунукесин шамал учурган.

Ссылка: https://barometr.kg/content1967



Добавить комментарий