Атамбаев 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда төрт жарым айдан соң, 15-октябрда президенттик шайлоо өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.
Президенттин айтымында, 15-октябрда калк жаңы мамлекет башчысын тандайт. "Акыркы айларда мен өткөн күндөргө баам салып, президент катары жасаган иштеримди талдап жатам. Кудайга рахмат! Анын жардамы менен соңку 5-6 жылда мамлекетти түйшөлткөн көптөгөн маселелер чечилди", - деди Атамбаев.
Президент тынчтыктын жана туруктуулуктун орношун – эң негизги жетишкендик катары эсептейт.
Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоонун күнү азырынча так аныктала элек. Буга чейин азыркы мыйзамдар боюнча добуш берүү күнү 19-ноябрь деп айтылган. Бирок ушул айдын башында шайлоо тууралуу мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу өтүп, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү сунуштаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1966
Добавить комментарий ×