Президент мыкты аскер кызматчыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

29 мая 2017 15:51 726 Barometr
Поделиться в:
ok

 Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-майда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн 25 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

 

Салтанатта мамлекет башчысы куттуктоо сөзү менен сүйлөп, Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлерине Күжүрмөн Туу ыйгарып, мыкты аскер кызматчыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы катары Кыргызстанда аскердик башкаруу системасын реформалоо ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи. “Биз аскерлердин ортосундагы ажырымдуулукту жоюп, кыргыз армиясына бир борбордон ийкемдүү командалык кылуунун бирдиктүү бекем системасын түздүк”, - деди А. Атамбаев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1965



Добавить комментарий