Россияда кыргызстандык кат жазып, паркка муунуп өлдү

29 мая 2017 15:17 2541 Barometr
Поделиться в:
ok

Россияда кыргызстандык кат жазып, муунуп өлдү. 52 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү Всеволожский райондо табылган. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар маалымдашууда.

Ал парктагы даракка асынып алган, чөнтөгүнөн өлүм алдында жазган каты табылды.

 “Күбөнүн айтымында, ал ити менен сейилдеп бара жатып, муунуп калган кишинин сөөгүн көргөн. Каза тапкан адамдын ким экендиги жанындагы документтери жана паспортунан такталды, ал 52 жаштагы кыргызстандык болуп чыкты”,-деп айтылат кабарда.

 Анын катында “менин өлүмүмө дөңгөлөк куроочу жумушчулар Хасан, Рустам жана унаа жууган жердеги Мухтар күнөөлүү. Сабырым түгөндү”,-деп жазылган.

Учурда бул  факты боюнча иликтөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content1962



Добавить комментарий