Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылууда
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге болгон кезексиз шайлоолордун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, шайлоодогу алдын ала жыйынтыктар Ош облусунун Ноокат шаарында 53,3% менен КСДП, 17,96 пайыз менен "Элдик", 11,11% "Республика", 8,96 % менен "Замандаш" партиясы алдыда экенин көрсөтүүдө. Социал-демократтар 12, "Элдик" 4, "Республика" жана "Замандаш" партиялары экиден мандат алышы мүмкүн.
Жалал-Абад шаарында 25 шайлоо тилкесинин 23нүн бюллетендери саналып бүттү. Ага ылайык, биринчи орунда минималдык артыкчылык менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясы (24,18%) алдыда, экинчиде 24,16% добуш менен КСДП баратат. «Мекеним Кыргызстан» шайлоочулардын 13,87%, «Ата Журт» 13,43%, «Кыргызстан» - 10,71%, «Республика» - 9,2% жана «Бүтүн Кыргызстан» 0,7% добуштарын алышты.
Кадамжайда азырынча «Мекеним Кыргызстан» алдыда, экинчиде «Өнүгүү-Прогресс», үчүнчүдө КСДП. Таш-Көмүрдө биринчи орунда КСДП, андан кийин «Өнүгүү-Прогресс» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары жайгашкан болсо, Кара-Балтада алдыңкы үчтүккө «Эламан», КСДП жана «Республика» партиялары кирди. Кеминде азырынча биринчи орунду КСДП, экинчини «Республика» жана үчүнчүнү «Патриот» партиясы ээлеп турат. Көк-Жаңгак шаарында КСДП алдыда, экинчиде «Кыргызстандын коммунисттер партиясы» болсо, үчүнчүдө «Өнүгүү-Прогресс».
28-майда өлкөдө 41 жергиликтүү, 8 шаардык жана 33 айылдык кеңештин депутаттары шайланды.
Ссылка: https://barometr.kg/content1948
Добавить комментарий ×