29-майдан 31-майга чейинки аба ырайы

29 мая 2017 09:35 1047 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33;

Баткен дубанында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34

Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +23...+28;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +29...+31 градус жылуу болот.

Ал эми 30-майда жана 31-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, 31-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1937



Добавить комментарий