Ысык-Көлдө таштанды алып акча бере турган жаңы пунктар ачылды
Поделиться в:
Ысык-Көл областынын тургандары жана туристтер таштандыны атайын кабыл алуучу пунктарга тапшырып акча алышса болот. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда «Эко Деми» коомдук фондунун негиздөөчүсү Дмитрий Андреев билдирди.
Анын айтымында, таштандылар үч категория боюнча кабыл алынат: желим, айнек жана кагаз.
“Алардын баалары ар кандай, желим пластик килограммына 5 сомдон 9 сомго чейин, айнек 1-2 сом, кагаз 7 сомго бааланат”,-деп айтты Андреев.
Ссылка: https://barometr.kg/content1813
Добавить комментарий ×