Бишкек-Ош жолунда бензовоз оодарылып кетти, айдоочу каза тапты

24 мая 2017 10:39 550 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек-Ош жолунда бензовоз оодарылып кетти, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.    

Кечээ, 23-майда болжол менен саат 22.30да Бишкек-Ош жолунун 370-чакырымында бензовоз жана жүк унаасы кагылышкан.

Авариядан улам бензовоз ала салып күйүп кеткен, айдоочу окуя болгон жерде көз жумду.

 Жүк унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү жаракат алды. Алар Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы ооруканага жеткирилди.

Өрт өчүрүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content1793



Добавить комментарий