Ош шаарынын мэри Балыкчы шаарынын мэрин кабыл алды
Бүгүн, 23-майда Ош шаарына Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жетектеген мэриянын өкүлдөрү жана жергиликтүү депутаттардан турган расмий делегация барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Делегацияны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кабыл алып, шаарда аткарылган алгылыктуу жумуштар жана өнүктүрүү программасы менен тааныштырды.
“Учурда Ош шаары өлкөбүздүн жана чет өлкөлүк 15 шаар менен достук келишимдин негизинде ар тараптуу кызматташып келет. Мындан ары Ош шаары Балыкчы шаары менен да эки тараптуу кызматташуу боюнча протоколго кол коюуга даяр”,- деди А.Кадырбаев.
Өз кезегинде Балыкчы шаарынын мэри шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү тууралуу малымат берип, Ош шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашуу негизги максат экенин билдирди.
Ошондой эле, делегация өкүлдөрүнө шаардын акыркы 3 жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, жарандардын онлайн кайрылууларын кабыл алуу долбоору, тазалык жана шаарды көрктөндүрүү иш аракеттери, аткарыла турган долбоорлор тууралуу кыскача тасма көрсөтүлдү.
Делегация курамы күндүн экинчи жарымында шаардагы курулуп жаткан социалдык объекттер жана аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1759
Добавить комментарий ×