Куткаруучулар дайынсыз жоголгон аялды издеп жатышат

22 мая 2017 11:04 705 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарындагы Ак-Дөбө айылынын тургуну, 1972-жылы туулган Гүлжан Айдарбекова 20-май күнү дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Издөө иштерине ӨКМ РӨКОнын 2-издөө куткаруу отрядынан 15 куткаруучу тартылган, бирок  аял табылган жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1707



Добавить комментарий