Кыргызстанда 18-майдан 20-майга чейин күтүлгөн аба ырайы
Кыргызстанда 18-майдан 20-майга чейин күтүлгөн аба ырайынын болжолу тууралуу Кыргызгиромет билдирди. Бул аралыкта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
20-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Чүй жана Талас областтарында абанын температурасы бир аз жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында да абанын температурасы жогорулайт. Ысык-Көл областында абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
Ал эми бүгүн, 18-майда көпчүлүк аймактарда жаан катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +18...+23;
Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +20...+25;
Баткен жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +19...+24;
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23 градуска чейин жогорулайт.
Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 19...21 градус жогору болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content1618
Добавить комментарий ×