2011-жылдан бери кыргызстандыктар Россиянын төрөт үйлөрүнө 63 ымыркайды ташташкан

17 мая 2017 17:40 501 Barometr
Поделиться в:
ok

 2011-жылдан тартып Россиядагы төрөт үйлөрүнө 63 ымыркай ташталган жана алардын 8ин гана үй-бүлөсү тааныган. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда болгон басма сөз жыйынында  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башчысы Жаныл Джумабаева билдирди.

 “Көбүнчө балдар Москва жана Москва областында ташталат. Балдарды кайтарып келгенден кийин  жакындарына билдиришибиз керек, бирок бул аябай    кылдат маселе, тактап айтканда ата-энесине кызы Россияда жүрүп төрөп баланы таштап кеткенин түшүндүрүшүбүз керек болот. Эгер үй-бүлө баланы небере катары кабыл алса жакшы, болбосо көп үй-бүлөлөр баш тартышат жана бул алардын небереси экенине, кызы төрөп таштап кеткенине ишенишпейт”,-деп айтты Джумабаева.

 Ошондой эле ал ташталган 63 баланын 11ин интернатка, 37син асыроого, алтоону багууга беришкенин кошумчалады.

 “Ымыркайды таштаган аялдардын көбү медициналдык жактан каттоого турбайт жана турмушка чыкпай төрөшкөндөр”,-деп айтты адис.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1603



Добавить комментарий