Гаражга кирип унаа уурдаган жаран кармалды
Унаа уурдоого шектүү катары Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалымат караганда, Свердлов РИИБине арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Себеби, 14-майда арыздануучунун гаражына кирип «Тойота-Ист» үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткен.
Бул фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин «укука жат түрдө унаа каражатын тартып алуу» беренинсинин негизинде кылмыш иши козголгон. Свердлов РИИБнын кылмыш иликтөө кызматкерлери 26 жаштагы Г.И. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан.
Унаа ээсине кайтарылып берилген. Кармалган адам Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content1546
Добавить комментарий ×