Болот Отунбаев бир катар өлкөлөрдөгү элчилик кызматтарын айкалыштырып иштейт

16 мая 2017 14:47 529 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Дания, Норвегия, Швеция өлкөлөрүндөгү элчилик кызматты айкалыштырып иштөөгө Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев мындан ары Москва шаарында жайгашкан кеӊсесинде Кыргызстандын Дания, Норвегия, Швециядагы эчилик кызмат милдетин айкалыштырып иштей баштайт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1540



Добавить комментарий