Москвада кыргызстандык банкоматты бычак менен ачып, 11 млн рубль уурдамак болгон

16 мая 2017 11:00 910 Barometr
Поделиться в:
ok

Москванын полициясы Перово районунда «Сбербанктын» бир бөлүмүнүн банкоматын ачууга аракет кылган жана 11 миллион рублди уурдамакчы болгон.  Бул тууралуу «Москва» шаардык жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарына шилтеме кылуу менен кабарлады.   

Полицияга Новогиреевская көчөсүндөгү банкоматты ачууга аракет кылып жаткан шектүү эркек тууралуу кабар беришкен. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 21 жаштагы кыргызстандыкты кармады.   

“Полиция жаш жигит банкоматка келип ашкана бычагы менен түзүмдү ачууга аракет кылганын жана андагы 11 миллион рублди уурдамак болгонун аныктады. Бирок тоноочуну  качып кетүүгө камынып жаткан учурда кармашты”,-деп маалымдашты булактар.

 Кармалган адамга кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/content1539



Добавить комментарий