“Kimchi” дүкөнүнүн айланасына таштанды ыргытылган
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инпсекторлору тарабынан Октябрь районунун санитардык абалы текшерилип, Медеров көчөсү 69 дарегинде жайгашкан “Kimchi” дүкөнүнүн айланасына курулуш таштандылары ташталгандыгы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан “Kimchi” дүкөнүнүн ижарачысы Ли Е. В. атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.
Ссылка: https://barometr.kg/content1536
Добавить комментарий ×