Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өттү

15 мая 2017 16:26 460 Barometr
Поделиться в:
ok

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Бишкектеги маалымат жыйынында билдиргендей, Кыргызстандын 95 пайызы санарипке өттү. Аналог көрсөтүүлөр 15-майга караган түнү өчүрүлдү.

Маалыматка караганда, аймактарда штаб, мобилдик топтор түзүлгөн, алар элдин кайрылууларына жооп беришет.

 

Өлкөнүн калган 5 пайызы, 326 калктуу пункт “радио байланыш жетпеген аймактарда” жайгашкан. Аларда тиешелүү жабдуулар орнотулуп бүткүчө аналогдук телеберүүлөр өчүрүлбөйт.

 

Кыргызстандын башка аймактарында аналог 15-майдан тарта өчүрүлөрү буга чейин эскертилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content1514



Добавить комментарий